БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Эреже бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылган.
Жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору "Коопсуз шаардын" алкагында айып пулдун көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Ал жол эрежесинин төмөнкү түрлөрү боюнча айып пулду азайтууну сунуштады:
"Мыйзам долбоору боюнча, эгер айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулдан кутулам десе, анда 300 сом эле төлөп калат. Башкача айтканда, айып пул 70 пайызга кыскарат. Кеп биринчи категорияда каралган 1 000 сом туурасында болууда", — деди Абдиев.
Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын жогорулашынан улам жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу каралып жаткандыгын айткан эле.
Ушундан кийин ИИМге жол эрежесинин айрым түрлөрүнө каралган айып пулду азайтуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.