Окуя болгон жерден анча алыс эмес жерге орнотулган камера элдин жүрөгүн түшүргөн учурду тартып калганын "ВЕСТИ" телеканалы маалымдады.
"Жэньминь жибао" басылмасы окуя болгон жерде газ толтурулган куурлар өтпөгөндүгүн, бирок жердин алдындагы дренаж түтүгү бар экендигин жазган. Алдын ала берилген маалыматтарда, коллектордо газ от алып кеткени айтылганы менен анын кайдан чыкканы табылган эмес.