БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, Сары-Булак айылынан 200дөн ашуун тургун эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
"Сары-Булак айылынан 200дөн ашуун жаран райондук Жарандык коргонуу кызматынын күчү менен эвакуацияланып, Кара-Кочкор айылындагы орто мектептин имаратына жана туугандарыныкына жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, министрлик бул аймактагы жабыркаган айылдар менен жолдорду тизмектеди:
Жеринде куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника, Тез жардам кызматы жана 22 куткаруучу иштеп жатат.
Сел жүргөн аймакка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов да барды.