Катуудан казаны, жумшактан күлү... Кан төгүлгөн чек ара жаңжалынан 18 ирмем

Sputnik

ИИМдин расмий маалыматында алгач Тажикстан тарап миномёт менен аткылап, анын биринчи снаряды "Головной" башкы суу сактагычтын курулушуна түшкөн деп айтылды. Аны кесепетинен Кыргызстан тараптан 35 адам каза таап, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Тажикстандын кыргыз айылдарына аткан куралы кичинекейлердин — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен 4 жаштагы баланын да өмүрүн алды. Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде миномёттон атылган октон эле 25тен ашык жергиликтүү тургун көз жумган.

Чачты тик тургузган соңку дагы бир маалымат эл үйүн таштай качкан Максат айылынын 53 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиевдин сөөгүнүн өрттөлгөн үйүнөн табылышы болду.

Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы
Тажик аскерлеринин аткылоосунан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркады. ӨКМдин берген маалыматында 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, ИИМдин бир имараты, үч чек ара заставасы, май куюучу 10 станция, сегиз дүкөн өрттөлүп, аткылоого алынган.

Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

Бул күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда облус бийлигинин, ИИМ, УКМК жана президенттин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр жүрдү. 1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынчый баштап, кыргызстандыктар качкан айылдарына кайра кайтып келүүдө. Бирок тажик тараптын агрессиясынан кийин катуудан казаны, жумшактан күлү калган журтун көрүп, айласы кетип көзүнө жаш алган мекендештерибиз арбын.

Учурда кыргыз өкмөтү келтирилген материалдык чыгымдарды эсептеп жатат.

 

1 / 18
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын чыңалган этабы 2021-жылдын 28-апрель күнү кечинде башталган
2 / 18
Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын четинде жаткан Тез жардам кызматынын автоунаасы. Бактыга жараша, айдоочу менен фельдшер аман-эсен
3 / 18
Октор... Баткен районунун Көк-Таш айылындагы жолдон тартылган сүрөттөр
4 / 18
Өрттөлгөн автоунаалар. Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын бою. Бул автоунаалар кимге таандык экени жана алардын кожоюндарынын кийинки тагдыры белгисиз
5 / 18
Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз айылдарына Тажикстандын кол салуусунан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн эл. Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин спорт залында баш калкалап отургандар
6 / 18
Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында тажикстандыктар үйүн өрттөп жиберген аял
7 / 18
Лейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн асмандан тартылган сүрөтү
8 / 18
Лейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн мектеп
9 / 18
Максат айылындагы аткылоого алынган мектеп. Дубалдан мектепке ок жааганын көрүүгө болот
10 / 18
Мектепке келип тийген авиаракета…
11 / 18
Лейлек районундагы Максат айылындагы мектептин ичиндеги күйүп кеткен стул менен парталар
12 / 18
Максат айылында үйү өрттөлүп, таланып-тонолгон дагы бир жаран
13 / 18
Бул бут кийимдин ээси аман калды бекен?.. Максат айылындагы өрттөлгөн үй
14 / 18
Бул сүрөтүн тарыхы өзгөчө. Үйдү өрттөгөн тажикстандыктар итке тийген эмес. Эгерде тили болсо бул жаныбар эмне окуя болгондугун жана ичи бузук кайсы адамдар келип анын кожоюнунун турак жайын өрттөгөнүн айтып берет эле
15 / 18
Максат айылындагы дубалынан башка эч нерсеси жок калган бул үйдөн ээсинин — 53 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиевдин сөөгү табылды
16 / 18
Мындай нерсени катуудан казаны, жумшактан күлү калыптыр деп айтат. Максат айылы, Лейлек району
17 / 18
Эвакуациядан үйүнө кайтып келе жаткан үй-бүлө
18 / 18
Максат айылындагы кайра жанданган жашоо. Элге коомдук фонддордун бири жууркан-төшөк даярдап жатат