Катуудан казаны, жумшактан күлү... Кан төгүлгөн чек ара жаңжалынан 18 ирмем

Жазылуу
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатак 28-апрель күнү кечинде башталган. Абал курчуп отуруп, Тажикстан агрессиясын баштаган.

ИИМдин расмий маалыматында алгач Тажикстан тарап миномёт менен аткылап, анын биринчи снаряды "Головной" башкы суу сактагычтын курулушуна түшкөн деп айтылды. Аны кесепетинен Кыргызстан тараптан 35 адам каза таап, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Тажикстандын кыргыз айылдарына аткан куралы кичинекейлердин — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен 4 жаштагы баланын да өмүрүн алды. Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде миномёттон атылган октон эле 25тен ашык жергиликтүү тургун көз жумган.

Чачты тик тургузган соңку дагы бир маалымат эл үйүн таштай качкан Максат айылынын 53 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиевдин сөөгүнүн өрттөлгөн үйүнөн табылышы болду.

Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы
Тажик аскерлеринин аткылоосунан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркады. ӨКМдин берген маалыматында 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, ИИМдин бир имараты, үч чек ара заставасы, май куюучу 10 станция, сегиз дүкөн өрттөлүп, аткылоого алынган.

Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

Бул күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда облус бийлигинин, ИИМ, УКМК жана президенттин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр жүрдү. 1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынчый баштап, кыргызстандыктар качкан айылдарына кайра кайтып келүүдө. Бирок тажик тараптын агрессиясынан кийин катуудан казаны, жумшактан күлү калган журтун көрүп, айласы кетип көзүнө жаш алган мекендештерибиз арбын.

Учурда кыргыз өкмөтү келтирилген материалдык чыгымдарды эсептеп жатат.

 

© AFP / DANIL USMANOVБаткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын чыңалган этабы 2021-жылдын 28-апрель күнү кечинде башталган
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын чыңалган этабы 2021-жылдын 28-апрель күнү кечинде башталган - Sputnik Кыргызстан
1/18
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын чыңалган этабы 2021-жылдын 28-апрель күнү кечинде башталган
© Sputnik / Эламан КарымшаковКөк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын четинде жаткан Тез жардам кызматынын автоунаасы. Бактыга жараша, айдоочу менен фельдшер аман-эсен
Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын четинде жаткан Тез жардам кызматынын автоунаасы. Бактыга жараша, айдоочу менен фельдшер аман-эсен - Sputnik Кыргызстан
2/18
Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын четинде жаткан Тез жардам кызматынын автоунаасы. Бактыга жараша, айдоочу менен фельдшер аман-эсен
© Sputnik / Эламан КарымшаковОктор... Баткен районунун Көк-Таш айылындагы жолдон тартылган сүрөттөр
Октор... Баткен районунун Көк-Таш айылындагы жолдон тартылган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
3/18
Октор... Баткен районунун Көк-Таш айылындагы жолдон тартылган сүрөттөр
© Sputnik / Эламан КарымшаковӨрттөлгөн автоунаалар. Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын бою. Бул автоунаалар кимге таандык экени жана алардын кожоюндарынын кийинки тагдыры белгисиз
Өрттөлгөн автоунаалар. Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын бою. Бул автоунаалар кимге таандык экени жана алардын кожоюндарынын кийинки тагдыры белгисиз - Sputnik Кыргызстан
4/18
Өрттөлгөн автоунаалар. Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы трассанын бою. Бул автоунаалар кимге таандык экени жана алардын кожоюндарынын кийинки тагдыры белгисиз
© Sputnik / Эламан КарымшаковКыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз айылдарына Тажикстандын кол салуусунан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн эл. Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин спорт залында баш калкалап отургандар
Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз айылдарына Тажикстандын кол салуусунан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн эл. Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин спорт залында баш калкалап отургандар - Sputnik Кыргызстан
5/18
Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз айылдарына Тажикстандын кол салуусунан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн эл. Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин спорт залында баш калкалап отургандар
© AFP / DANIL USMANOVБаткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында тажикстандыктар үйүн өрттөп жиберген аял
Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында тажикстандыктар үйүн өрттөп жиберген аял - Sputnik Кыргызстан
6/18
Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында тажикстандыктар үйүн өрттөп жиберген аял
© Sputnik / Акылбек БатырбековЛейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн асмандан тартылган сүрөтү
Лейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн асмандан тартылган сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
7/18
Лейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн асмандан тартылган сүрөтү
© Sputnik / Акылбек БатырбековЛейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн мектеп
Лейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн мектеп - Sputnik Кыргызстан
8/18
Лейлек районундагы Максат айылындагы өрттөлгөн мектеп
© Sputnik / Эламан КарымшаковМаксат айылындагы аткылоого алынган мектеп. Дубалдан мектепке ок жааганын көрүүгө болот
Максат айылындагы аткылоого алынган мектеп. Дубалдан мектепке ок жааганын көрүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
9/18
Максат айылындагы аткылоого алынган мектеп. Дубалдан мектепке ок жааганын көрүүгө болот
© Sputnik / Эламан КарымшаковМектепке келип тийген авиаракета…
Мектепке келип тийген авиаракета… - Sputnik Кыргызстан
10/18
Мектепке келип тийген авиаракета…
© Sputnik / Эламан КарымшаковЛейлек районундагы Максат айылындагы мектептин ичиндеги күйүп кеткен стул менен парталар
Лейлек районундагы Максат айылындагы мектептин ичиндеги күйүп кеткен стул менен парталар - Sputnik Кыргызстан
11/18
Лейлек районундагы Максат айылындагы мектептин ичиндеги күйүп кеткен стул менен парталар
© Sputnik / Эламан КарымшаковМаксат айылында үйү өрттөлүп, таланып-тонолгон дагы бир жаран
Максат айылында үйү өрттөлүп, таланып-тонолгон дагы бир жаран - Sputnik Кыргызстан
12/18
Максат айылында үйү өрттөлүп, таланып-тонолгон дагы бир жаран
© Sputnik / Эламан КарымшаковБул бут кийимдин ээси аман калды бекен?.. Максат айылындагы өрттөлгөн үй
Бул бут кийимдин ээси аман калды бекен?.. Максат айылындагы өрттөлгөн үй - Sputnik Кыргызстан
13/18
Бул бут кийимдин ээси аман калды бекен?.. Максат айылындагы өрттөлгөн үй
© Sputnik / Эламан КарымшаковБул сүрөтүн тарыхы өзгөчө. Үйдү өрттөгөн тажикстандыктар итке тийген эмес. Эгерде тили болсо бул жаныбар эмне окуя болгондугун жана ичи бузук кайсы адамдар келип анын кожоюнунун турак жайын өрттөгөнүн айтып берет эле
Бул сүрөтүн тарыхы өзгөчө. Үйдү өрттөгөн тажикстандыктар итке тийген эмес. Эгерде тили болсо бул жаныбар эмне окуя болгондугун жана ичи бузук кайсы адамдар келип анын кожоюнунун турак жайын өрттөгөнүн айтып берет эле - Sputnik Кыргызстан
14/18
Бул сүрөтүн тарыхы өзгөчө. Үйдү өрттөгөн тажикстандыктар итке тийген эмес. Эгерде тили болсо бул жаныбар эмне окуя болгондугун жана ичи бузук кайсы адамдар келип анын кожоюнунун турак жайын өрттөгөнүн айтып берет эле
© Sputnik / Эламан КарымшаковМаксат айылындагы дубалынан башка эч нерсеси жок калган бул үйдөн ээсинин — 53 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиевдин сөөгү табылды
Максат айылындагы дубалынан башка эч нерсеси жок калган бул үйдөн ээсинин — 53 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиевдин сөөгү табылды - Sputnik Кыргызстан
15/18
Максат айылындагы дубалынан башка эч нерсеси жок калган бул үйдөн ээсинин — 53 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиевдин сөөгү табылды
© Sputnik / Эламан КарымшаковМындай нерсени катуудан казаны, жумшактан күлү калыптыр деп айтат. Максат айылы, Лейлек району
Мындай нерсени катуудан казаны, жумшактан күлү калыптыр деп айтат. Максат айылы, Лейлек району - Sputnik Кыргызстан
16/18
Мындай нерсени катуудан казаны, жумшактан күлү калыптыр деп айтат. Максат айылы, Лейлек району
© Sputnik / Эламан КарымшаковЭвакуациядан үйүнө кайтып келе жаткан үй-бүлө
Эвакуациядан үйүнө кайтып келе жаткан үй-бүлө - Sputnik Кыргызстан
17/18
Эвакуациядан үйүнө кайтып келе жаткан үй-бүлө
© Sputnik / Эламан КарымшаковМаксат айылындагы кайра жанданган жашоо. Элге коомдук фонддордун бири жууркан-төшөк даярдап жатат
Максат айылындагы кайра жанданган жашоо. Элге коомдук фонддордун бири жууркан-төшөк даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан
18/18
Максат айылындагы кайра жанданган жашоо. Элге коомдук фонддордун бири жууркан-төшөк даярдап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0