БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыкбек Ташиев Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдөн кийин "Турмуш" сайтынын журналистинин суроосуна жооп берди.
"Тажик мамлекетинин УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов жана башка кызматкерлери менен жолугуштук. Сүйлөшүү нейтралдуу аймакта өттү. Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөлөрүнүн негизинде бардык маселелер бүгүн кечке чейин чечилет", — деди Ташиев.
Баткендеги чек ара чыры
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирген.
Германияга дарылануу үчүн кеткен УКМК төрагасы Ташиев Кыргызстанга кайтып келип, бүгүн Баткенге барган.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.