https://sputnik.kg/20210430/kyrgyz-tazhik-chek-ara-abal-iim-1052322206.html
ИИМ кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин айтты
ИИМ кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
ИИМ Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ок атуу токтотулуп, чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө экенин белгиледи. 30.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-30T09:56+0600
2021-04-30T09:56+0600
2021-12-15T22:53+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
азия
дүйнөдө
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
тажикстан
чек ара
баткен
иим
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1e/1052322036_0:162:1000:728_1920x0_80_0_0_a4f117ff5ec54cfe6cf7ef85ae6ec45d.jpg
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 30-апрелге карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, ок атуулар токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, учурда милиция кызматкерлери менен аскерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кыргыз-тажик чек арасындагы абалды толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алып жатканы айтылды.Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлегиндеги айылдарда үйлөр, дүкөндөр өрттөлгөнү айтылган.Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13кө жетип, 121 адам жабыркаган.Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режим киргизилген.Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуз жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуацияланды.Ушу тапта Баткенде эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
https://sputnik.kg/20210430/kasym-zhomart-tokaev-bildiruu-zhasady-1052319777.html
тажикстан
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1e/1052322036_0:122:1000:750_1920x0_80_0_0_c3d0a4fa13bf382b8026999933ed2317.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, азия, дүйнөдө, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, тажикстан, чек ара, баткен, иим, чыр
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, азия, дүйнөдө, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, тажикстан, чек ара, баткен, иим, чыр
ИИМ кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин айтты
09:56 30.04.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) ИИМ Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ок атуу токтотулуп, чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө экенин белгиледи.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 30-апрелге карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, ок атуулар токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда милиция кызматкерлери менен аскерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кыргыз-тажик чек арасындагы абалды толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алып жатканы айтылды.
"Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Баткенде чыр 28-апрелде чыккан. Таңга маал абал курчуп, эртеси эки тарап ок чыгара баштаган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү ведомство жетекчилери ымалага келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы менен түндө Баткендин Лейлегиндеги айылдарда үйлөр,
дүкөндөр өрттөлгөнү айтылган.
Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13кө жетип,
121 адам жабыркаган.
Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режим киргизилген.
Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуз жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуацияланды.
Ушу тапта Баткенде эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн
тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.