БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын алтын запасы март айында 149,7 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта жазылган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында алтын валюта резервинин көлөмү тарыхый рекордго жетип, 3 миллиард доллардан ашкан. Бирок кийин ай сайын кыскаруу байкалган. Резервдин көлөмү азыркы көрсөткүчтөн да төмөн түшкөн учур өткөн жылдын апрелинде катталган.
Эске салсак, мартта өлкөнүн башкы банкы 74,3 миллион доллар саткан. Лондондун баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксинги боюнча нарк февралдын аягынан марттын соңуна чейин 51,8 долларга арзандап, 1 691и түздү.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.