БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын абалы канааттандырарлык, эч кандай арыз-даттануулар түшкөн жок. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти SinoPharm вакцинасы менен эмделгендерге мониторинг жүргүзүп жатканы айтылат. Алардын баары бирдиктүү электрондук базага киргизилген, бүгүнкү күндө эмделген 644 жарандын 311и сурамжылоодон өттү.
Анда вакцина алгандан кийин алсыроо (9 пайызында), баш оору (5 пайыз), ийне сайган жердин оорушу (13,8 пайыз), дене табынын бир аз көтөрүлүшү (5,14 пайыз), баш айлануу (4,8 пайыз), жүрөгү айлануу (2,2 пайыз), коркуу (1,29 пайыз) болгонун айтышкан. Мындай симптомдордун баары алгачкы 1-2-күндөрү байкалганы белгиленет.
Мониторинг жүргүзүүнүн максаты күтүлбөгөн реакциялардын пайда болушун убагында аныктап, вакцинанын пайда жана кооптуу жагына маани берүү экенин билдиришти.
Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти бардык дарылардын терс таасири сезилип жатса дароо кабарлоого чакырат.
Кайрылуулар төмөнкү даректер аркылуу кабыл алынат: