БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов дагы катышкан.
Ишембиликтин катышуучулары сейил бакка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.
"Президент Жапаров аппаратынын кызматкерлери менен баарлашып, өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга токтолду. Ал кандай гана шайлоо болбосун аны таза жана ачык өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров бийликтин алмашуусуна алып келген эгемендик мезгилиндеги элдик толкундоолордун үчөө тең адилетсиз шайлоого нааразычылыктан улам болгонун эске салган.