Токмокто ишкана имаратынан өрт чыкты. Видео

Алдын ала маалымат боюнча өрттү өчүрүүгө саат 07:37де Токмок шаардык №21 Өрткө каршы башкармалыгынан жалпы үч бөлүм тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бүгүн Чүйдүн Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан "ККП" ишканасынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын видеосу соцтармакка жарыяланды.
Таң эрте чыккан кырсык учурда чектөөгө алынган.
"Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан "ККП" ишканасынын аймагында чыккан өрт саат 08:58де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:37де Токмок шаардык №21 Өрткө каршы башкармалыгынан жалпы үч бөлүм тартылган.