Өзбекстан менен КР товар айлантуусун 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатат

Ушул тапта Өзбекстанда кыргыз капиталын пайдаланган 183 ишкана бар. Ошондой эле пандемия учурунда эки өлкө ортосундагы соода-сатык бир топ көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстан менен товар айлантуусун 2 миллиард долларга чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
"Учурда эки өлкөнүн президенттери алдыбызга өтө амбициялуу тапшырманы коюп жатышат. Алгач товар айлантуунун көлөмүн 1 миллиард, андан соң 2 миллиард долларга жеткиришибиз керек. Менимче, бул колдон келе турган нерсе", — деди Умурзаков.
Маалыматка караганда, ушул тапта Өзбекстанда кыргыз капиталын пайдаланган 183 ишкана бар. Ошондой эле пандемия учурунда эки өлкө ортосундагы соода-сатык бир топ көбөйгөн.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү жасашты
Мындан тышкары, өзбек тарап үчүнчү өлкөлөргө товар алып чыгуу үчүн Кыргызстандын ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, биргеликте иш алып барууну көздөп жатат.
Өзбекстандын тиешелүү органдарынын маалыматына караганда, 2020-жылы товар айлантуунун көлөмү 10 пайызга өсүп, 903,1 миллион долларга жеткен.
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Анын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтүп жатат.