Бишкекте коррупцияга каршы митинг өтүүдө. Сүрөт, видео

Митингдин катышуучулары темир жол бекетинин алдына чогулушкан. Алар Райым Матраимовдун 260 миң сом айып төлөп кутулган соттун чечимине нааразы экенин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаада коррупцияга каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Митингдин катышуучулары темир жол бекетинин алдына чогулушкан. Алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун 260 миң сом айып төлөп кутулган соттун чечимине нааразы экенин билдиришти.
1 / 6
Борбор калаада коррупцияга каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат.
2 / 6
Митингдин катышуучулары темир жол бекетинин алдына чогулушкан
3 / 6
Алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун 260 миң сом айып төлөп кутулган соттун чечимине нааразы экенин билдиришти.
4 / 6
Акцияга 100дөн ашык киши чогулган.
5 / 6
Алардын алдына активист Улан Үсөйүн чыгып, президент Жапаровдун акцияны кимдир бирөө каржылап жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү.
6 / 6
Акция катышуучулары бир аздан кийин "Ала-Тоо" аянтын көздөй бет алары маалым болду.
Акцияга 100дөн ашык киши чогулган.
Алардын алдына активист Улан Үсөйүн чыгып, президент Жапаровдун акцияны кимдир бирөө каржылап жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү.
"Бул акцияны жарандык коом өзү уюштуруп жатат", — деди Үсөйүн уулу.
Садыр Жапаров: Матраимов боюнча сот чечимине кийлигишпейбиз, бирок иш уланат
Андан соң чогулгандардын алдына журналист Али Токтакунов чыгып сүйлөдү.
"Биз Жапаров коррупцияны түп-тамыры менен жок кылат деп ойлогонбуз. Бирок Матраимов 260 миң сом айып пул менен эле кутулуп кетти. Башка да коррупционерлер бошонуп чыгып жатышат. Эгер биз акыйкаттык талап кылбасак, анда коррупционерлерге кудай берет", — деди Токтакунов.
Акциянын катышуучулары бир аздан кийин "Ала-Тоо" аянтын көздөй бет алышты.