Мамагенттик эл аралык жана республикалык мелдештерди уюштуруу үчүн 2021-жылга карата календарлык планын бекитти. Ага ылайык, ири спорттук иш-чараларга кызуу даярдыктар башталды. Мындай маалыматты Марат Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кабарлады.
Анын айтымында, кыргызстандык спортчулар тарабынан Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, ошондой эле Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө басым жасалып, көзөмөлгө алынат.
"Жыл сайын мамагенттиктин коллегиясы тарабынан эл аралык жана республикалык мелдештерди уюштуруу боюнча календарлык план бекитилет. Биздин негизги максат — Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына жана Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдануу. Мындан тышкары, өлкөдө биринчи жолу чоңдор арасында лицензиялык Азия чемпионаты өтөт. 2021-жылы окуу-машыгуу жыйындарына жана эл аралык, республикалык спорттук мелдештерди уюштурууга бюджеттен 230 миллион сомдун тегерегинде каражат каралды," — деди Аскарбеков.
Ошондой эле ал дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды да эске алып, мелдештерди өткөрүүдө бардык эрежелер сактала тургандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2021-жылы республикада ири төрт эл аралык турнир өтөт. Алар дзюдо боюнча чоңдор арасында лицензиялык Азия чемпионаты, Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону, триатлон боюнча Азия чемпионаты, ошондой эле Ысык-Көл оюндары.