https://sputnik.kg/20210210/ehl-aralyk-zhana-respublikalyk-meldeshterdi-otkoruugo-230-million-somdoj-zhumshalat-1051406546.html
Аскарбеков: мелдештерди өткөрүүгө 230 млн. сомдой каражат жумшалат
Аскарбеков: мелдештерди өткөрүүгө 230 млн. сомдой каражат жумшалат
Sputnik Кыргызстан
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков... 10.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-10T15:09+0600
2021-02-10T15:09+0600
2021-12-15T16:08+0600
радио
коом
кыргызстан
бюджет
лицензия
олимпиада
спорт
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0a/1051405679_0:0:3068:1734_1920x0_80_0_0_239d9257091136a7260665d7c710940e.jpg
Аскарбеков: мелдештерди өткөрүүгө 230 млн. сомдой каражат жумшалат
Sputnik Кыргызстан
Аскарбеков: мелдештерди өткөрүүгө 230 млн. сомдой каражат жумшалат
Мамагенттик эл аралык жана республикалык мелдештерди уюштуруу үчүн 2021-жылга карата календарлык планын бекитти. Ага ылайык, ири спорттук иш-чараларга кызуу даярдыктар башталды. Мындай маалыматты Марат Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кабарлады.Анын айтымында, кыргызстандык спортчулар тарабынан Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, ошондой эле Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө басым жасалып, көзөмөлгө алынат.Ошондой эле ал дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды да эске алып, мелдештерди өткөрүүдө бардык эрежелер сактала тургандыгын кошумчалады.Белгилей кетсек, 2021-жылы республикада ири төрт эл аралык турнир өтөт. Алар дзюдо боюнча чоңдор арасында лицензиялык Азия чемпионаты, Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону, триатлон боюнча Азия чемпионаты, ошондой эле Ысык-Көл оюндары.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0a/1051405679_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_a968caa5beec72c28b2c15045e50b9e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, бюджет, лицензия, олимпиада, спорт
коом, кыргызстан, бюджет, лицензия, олимпиада, спорт
Аскарбеков: мелдештерди өткөрүүгө 230 млн. сомдой каражат жумшалат
15:09 10.02.2021 (Жаңыртылды: 16:08 15.12.2021) Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюндарына басым жасаларын айтты.
Мамагенттик эл аралык жана республикалык мелдештерди уюштуруу үчүн 2021-жылга карата календарлык планын бекитти. Ага ылайык, ири спорттук иш-чараларга кызуу даярдыктар башталды. Мындай маалыматты Марат Аскарбеков
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кабарлады.
Анын айтымында, кыргызстандык спортчулар тарабынан Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, ошондой эле Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө басым жасалып, көзөмөлгө алынат.
"Жыл сайын мамагенттиктин коллегиясы тарабынан эл аралык жана республикалык мелдештерди уюштуруу боюнча календарлык план бекитилет. Биздин негизги максат — Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына жана Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдануу. Мындан тышкары, өлкөдө биринчи жолу чоңдор арасында лицензиялык Азия чемпионаты өтөт. 2021-жылы окуу-машыгуу жыйындарына жана эл аралык, республикалык спорттук мелдештерди уюштурууга бюджеттен 230 миллион сомдун тегерегинде каражат каралды," — деди Аскарбеков.
Ошондой эле ал дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды да эске алып, мелдештерди өткөрүүдө бардык эрежелер сактала тургандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2021-жылы республикада ири төрт эл аралык турнир өтөт. Алар дзюдо боюнча чоңдор арасында лицензиялык Азия чемпионаты, Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону, триатлон боюнча Азия чемпионаты, ошондой эле Ысык-Көл оюндары.