Анжелика Жумабеков баштаган медиктерге рахмат айтты. Ырчынын ооруканадагы сүрөтү

Ырчы ортончу жана кичүү кызы үй шартында дарыланууга чыкканын, өзү жана тун баласы ооруканада дагы бир жума болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратова Сабырбек Жумабеков баштаган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, ооруканадагы балдакчан сүрөтүн чыгарды. Пост Instagram баракчасында жарыяланды.
"Мага, Айлинге жана Айымага операцияны Кудайдын жардамы менен элибиздин сыймыгы, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, профессор, академик, ортопед Сабырбек Жумабеков өзү жасады. Жалпы реанимация бөлүмүндөгү доктурларга, борбордун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биринчи жолу бутума тургузушуп, балдак менен бастырышты. Жаңы төрөлгөн баладай башым айланып, араң кадамдарды жасадым", — деген ырчы.
Анжелика кыздары тууралуу кененирээк маалыматты кийинчерээк жазарын айткан.
Балдар хирургу Талант Өмүрбеков пневмонияны жеңип, ооруканадан чыкты
"Буюрса, чоң кыйынчылыктар артта калды. Эки кызымды карап, улуусун операцияга даярдап берген жеке клиникага ыраазычылык. Элиманын омурткаларында жаракалар бар, Айлиндин эки бутуна тең операция жасалгандыктан эки ай турганга болбойт. бирок үй шартында даарыланууга чыгышты. Айымканын буттарында, колдорунда жылыш болууда. Мойнундагы бешинчи омурткасын калыбына келтирүүгө бардык күчүн жумшаган Сабырбек Жумабековго рахмат", — деген ырчы.
Анжелика бир жумадан кийин үйүнө чыгарын айтып, келечекте оорукана боюнча жакшы пландары бар экенин кошумчалаган.
Буга чейин ортопед Сабырбек Жумабеков дагы анын абалы тууралуу маалымат берген.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Кийинчерээк улуу кызы Айыманын да моюн омурткалары сынганы аныкталган. Анжеликанын айтымында, рулда башка адам болгон.