COVID-19дун жаңы штаммы Түштүк Кореядан табылды

Түштүк Корея вирустун жаңы штаммы табылган Улуу Британия менен аба каттамдарын 23-декабрда токтоткон. Бирок 22-декабрда Лондондо жашаган үй-бүлө учуп келип, дал ошол адамдардан вирус табылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түштүк Кореяда Улуу Британиядан барган үч кишиден коронавирустун жаңы штаммы табылды. Бул тууралуу Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айткан. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммы буга чейин сегиз өлкөдө аныкталды.

"Корея Улуу Британия менен каттамдарын 23-декабрда токтоткон. Бирок 22-декабрда Лондондо жашаган үй-бүлө учуп келген. Дал ошол адамдардан вирустун жаңы түрү табылып, алар карантинге киргизилди", — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, коронавирустун жаңы штаммы пайда болгондон тарта көпчүлүк өлкөлөр кайрадан катаал карантин киргизилери тууралуу кеп кыла баштады.