Министрлик: коронавирустун жаңы штаммы өтө тез жугат

© AP Photo / Jerome DelayСитуация в ЮАР на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в ЮАР на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 жуктургандардын саны 77 миллиондон ашты. Жакынкы күндөрү айрым өлкөлөрдө вирустун жаңы түрү пайда болгону айтыла баштады.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Коронавирустун айрым өлкөлөрдө пайда болгон жаңы штаммы мурдагылардан бат тарап, жугуштуулугу 70 пайызга жогору. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда пайда болгон жаңы штаммдын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экенин айтты", — деди Акматова.

Ошондой эле ал учурда окумуштуулар анын вакцинага туруштук берер-бербесин илиздеп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурда Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы тууралуу белгилүү болуп, көптөгөн мамлекеттер бул өлкө менен аба каттамдарын токтоткон. Ал эми дүйнө жүзү боюнча COVID жуктургандардын саны бүгүн 77 миллиондон ашты

Жаңылыктар түрмөгү
0