Үйүнүн жылытуу системасы жарылып реанимацияга түшкөн бишкектик аял каза болду

Дарыгер бейтаптын денесинин сексен пайызы катуу күйүп калгандыгын айтты. Ал эми балдары менен күйөөсүнүн абалы туруктуу деди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектеги жеке үйлөрдүн биринде тамды жылыткан системанын жарылышынан жаракат алып реанимацияга түшкөн аял каза болуп калды. Бул маалыматты Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Алмазбек Кубатбеков тастыктады.

"Аялдын денесинин 80 пайызы күйүп калыптыр. Үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүнүн абалы туруктуу", — деди Кубатбеков.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарындагы жеке үйлөрдүн биринин жылыткан системасы жарылып, жети кишиден турган үй-бүлө ооруканага түшкөн. Дарыгерлер аялдын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгүн, күйөөсүнүн абалы орточо оор экенин билдиришкен. Ал эми балдардын бирөө аталган борбордун күйүк бөлүмүндө, калганы клиникалык ооруканада экени айтылган.

Кырсыктын эмнеден келип чыккандыгы азырынча так айтыла элек.