БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандандырууга уруксат бербей жатат. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Буга чейин билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлоруна жергиликтүү бийлик органдары жана аймактык санэпидкөзөмөл борбору менен макулдашып, аталган жайлардын ишин жандандыруу тапшырылганы айтылды.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору элдин арасында COVID-19 инфекциясынын жана жайылышынын жогорку тобокелдигинин негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандандырууга уруксат бербей жатат", — дешти штабдан.
"Бала бакчалардын ишин ата-энелердин макулдугун алып, үч сааттык тайпаларды түзүү менен реалдуу тартипте жана кыска мөөнөттө ишин жандантуу сунушталган", — деп министрликтен түшүндүрүштү.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 52 менчик жана ведомстволук эки бала бакча иштеп жатат.