Койлорду жайлоого учак менен жеткирип... 87 жылдык тарыхы бар жарандык авиация

Sputnik

Жарандык авиациянын эл аралык күнү (International Civil Aviation Day) 1994-жылдан баштап дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде майрамдалып келет. Ал дата 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюлган конвенциянын 50 жылдыгына карата тандалып алынган. Аталган документте аба кемелеринин эл аралык каттамдарды жана жүк ташууларды ишке ашыруусунун негизги принциптери бекитилген.

Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин кара тизмесинен качан чыгат
Ал эми Кыргызстанда жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылдан башталат. Ошол жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому кабыл алынып, автономдук республикада айыл чарба багытында колдонулган үч эле учагы болгон. Кийин Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск жана Фрунзе — Ташкент — Алма-Ата аба каттамдары ачылып, убакыт өткөн сайын рейстер арбыган.

1960-жылдарда Кыргыз ССРинде Ил-18 менен Ан-24 учактары пайдаланылып, ар бир облуста бирден аэропорт ишке берилген. Дүйнөнүн булуң-бурчунан жаштар Фрунзе шаарындагы авиациялык окуу жайдан билим алууга келишчү.

Андан сырткары, жарандык авиациянын учактары айыл чарба, саламаттык сактоо тармактарында, өзгөчө кырдаалда да кеңири колдонулган. Союз тарагандан кийин ата мекендик авиация итке минип, узак жылдан бери өнүгө албай келет.

1 / 12
Элет жерине жарандарды жеткирген учак, учуп-конуу тилкесинин жанында байланган аттар
2 / 12
Бийик тоолуу жерге геолог менен жүк жеткирген учак, 1971-жыл
3 / 12
Учак менен жайлоого кой жеткирген учкучтар, 1966-жыл
4 / 12
Жарандык авиациянын учкучтары аэропортто иш маалында, Фрунзе шаары, 1976-жыл
5 / 12
Бейтаптарга шашкан санитардык авиациянын ак халатчандары, Ысык-Көл облусу, Сары-Камыш айылы
6 / 12
Фрунзе шаарында авиациялык техникалык училищенин курсанттары сабак учурунда, 1984-жыл
7 / 12
Советтик Ан-2М учагынан жүк түшүргөндөр, Фрунзе шаары, 1972-жыл
8 / 12
Ош шаарындагы эл аралык аэропорт, 1974-жыл
9 / 12
"Манас" аэропортундагы учактар. 1978-жыл
10 / 12
Учак менен Өзбекстандан Чаткалга алып келинген койлор, 1966-жыл
11 / 12
Фрунзедеги аэропортто токтогон легендарлуу ТУ-154 учактары
12 / 12
Жайлоого учуп келген тик учак, ага суктанган балдар жана жамбаштап жаткан малчы