Садыр Жапаров: 14-ноябрга чейин президенттик ыйгарым укуктарымды өткөрүп берем

Конституцияда президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт деп жазылган. Андыктан ал ага чейин ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши шарт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президенттик ыйгарым укуктарымды 14-ноябрга чейин өткөрүп берем. Бул тууралуу премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Регион" телеканалына маек берип жатып билдирди.

Журналист Жапаровго "президенттик шайлоого катышасызбы, катышсаңыз кандай жол менен барасыз?" деген суроо узаткан.

"Азыркы Баш мыйзамда президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катыша албайт деп жазылган. Бирок мен президенттин милдеттерин ага чейин өткөрүп берип, катыша берсем болот. Буюрса, 14-ноябрга чейин ыйгарым укуктарымды тапшырып, президенттик шайлоого катышам", — деди өкмөт башчы.

Буга чейин ал Кочкорго болгон иш-сапарында ыйгарым укуктарын декабрь айында гана өткөрүп бере турганын билдирген.

Садыр Жапаров президенттик милдетин качан тапшырышы керек? Юристтердин пикири

Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт. Андыктан ал ага чейин ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши шарт.