БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кайрадан кызмат ордунда иштеп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Тилек Матраимов кызматына кайттыбы? Расмий жооп
© Фото / пресс служба полпредства ПКР в Ошской области
Анын айтымында, Тилек Матраимов ушул жылдын 24-сентябрында бир айлык мөөнөткө эмгек өргүүгө кеткен.
“Бирок 6-октябрь күнү кыргыз-өзбек чек арасында кармалгандан кийин 16-октябрь күнү өкмөт башчынын токтомунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Тилек Матраимов кайрадан иштеп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт”, — деди Кадырбекова.
Ал ошондой эле Матраимовдун орун басары Капар Айтиев Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын жана учурда ал иштеп жатканын кошумчалады.
Абакта жаткан Тилек Матраимов үй камагына чыкты
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Тилек Матраимов кабинетинин эшигине өзүнүн ысымын жаздырып, ишин улантып жатканы боюнча маалыматтар тарап жатат.