УКМК: чек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды. Сүрөт

Шектүү коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү посттон мыйзамсыз өткөрүүгө чара көрбөө үчүн акча сунуш кылганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө 40 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда Мамлекетик чек ара кызматынын "Кулунду" заставасынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, шектүү 28 жашта.

УКМК: чек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды. Сүрөт
"Кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чара көрбөө үчүн акча сунуш кылган", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК: Бишкекте баңгизат сатып жаткан полковник кармалды

Факты боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.