Вице-премьер Баткен облусунун шайлоого даярдыгын текшерди. Сүрөт

Мадумаров Баткендин чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүү маселесине көбүрөөк көңүл бурган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өкмөт Баткен, Кызыл-Кыя шаарларындагы жана Баткен, Кадам-Жай райондорундагы шайлоо участкаларындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыкты текшерди.

Бул максат менен вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна баргандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде тыюу салынган 10 учур. Тизме

Андан кийин Мадумаров ЖК депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынына катышкан.

"Вице-премьер-министр шайлоо учурунда санитардык ченемдерди так сактоо туурасында айтты. Облустун чек арага чектеш райондорунда жайгашкан шайлоо участоктору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Мадумаров андан сырткары Баткен облусундагы саламаттык сактоо объектилеринин абалы менен таанышкан.