Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы 7 жаштагы кыздын өмүрүн алды. Видео

Милиция окуядан жабыркагандар, каза болгондор тууралуу билдирме такталып жатканын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Борбор калаада үрөй учурган жол кырсыгы катталып, жети жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Кайгуул милициясы кабарлагандай, жол кырсыгы болжол менен саат 15:20лар чамасында Чолпон-Ата көчөсүнүн чыгыш тарабында катталган. Анда Subaru Legacy жеңил автоунаа менен жүк ташыган Mercedes кичи автобус кагышкан.

Милиция учурда кырсыктын себептери териштирилип жатканын кошумчалады. Ошондой эле каза болгондор дагы болушу мүмкүн экендигин кабарлашты. Маалымат такталып жатат.