Катаал нөөмөттөр артта калды. Дагы 202 медик Ысык-Көлгө эс алууга кетти

Борбор калаа жана региондордон келген медицина кызматкерлери кыргыз берметинин жээгинде ден соолугун чыңдашат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген дарыгерлердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Борбор калаа жана региондордон келген 202 медицина кызматкери жети күн бою кыргыз берметинин жээгинде "Алтын Жай" пансионатында эс алып, ден соолугун калыбына келтирип кайтышмакчы.

Чүй менен Бишкектен 48 медик Ысык-Көлгө эс алганы жөнөдү

Бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген медицина кызматкерлери үчүн реабилитациялоо жана ден соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын алкагында уюштурулуп жатканы белгиленет.