Өлкөнү силерге өткөрөбүз! Президент бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырды

Быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду. Алардын ичинен эң жогорку 229 баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы орто мектептин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Азыр мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли маанилүү. Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшыруу аземинде айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Президент бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билимдин мааниси кандай экенине токтолду.

"Коомдун интеллектуалдык потенциалын өнүгүүбүздүн негизги ресурсу катары баалайбыз. Биз бул жолду азыр гана тандап алган жокпуз, коомубуздун тарыхы, ата-бабаларыбыздын баскан жолу ушундай болгон. Биз материалдык байлыкты эмес, руханий байлыкты бийик тутуп, сактап, муундан-муунга өткөрүп келген элбиз. Силердей алдыңкы жаштарыбыз ушул жолду улантат", — деди президент.

Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи.

"Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам", — деди ал.

Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багынтууну каалады.

Алтын сертификатка кайсы аймактын бүтүрүүчүлөрү ээ болду? Рейтинг

"Келечекте силердей намыстуу жаштарга өлкөбүздүн тагдырын өткөрүп беребиз. Мамлекетибиздин тагдыры ишенимдүү колго өтөт деп биз силерге ишенебиз. Алдыга койгон максатыңар ишке ашып, аруу тилегиңер орундалсын!" — деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду. Алардын ичинен эң жогорку 229 баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы орто мектептин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды.