Ак халатчандардын түйшүгүн баяндайт. Өлкөдө "Ден соолук плюс" журналы чыга баштады

Журнал борбор калаада, аймактарда күнү-түнү иштеп коронавирус менен күрөшкөн ак халатчандардын түйшүгүн чагылдырган. Андан сырткары, окурмандар үчүн пайдалуу маалыматтар жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбордо "Ден соолук плюс" деп аталган медициналык журналдын биринчи саны жарык көрдү. Бул туурасында аталган борбордон билдиришти.

"Журналдын бул саны COVID-19 оорусуна каршы күрөшүүгө арналды. Бул жерде коронавирусту дарылоо үчүн боюнча борбор калаада, аймактарда күнү-түнү иштеген ак халатчандардын эмгегин айтып берүүгө аракет кылдык. Ооруканадагы кыйынчылыктар, ийгиликтерин чагылдырдык", - деп билдирди Ден соолукту чыңдоо жана коммуникация боюнча республикалык борбордун директору, журналдын негиздөөчүсү Нурила Алтымышева.

Кыргызстанда 30-июль — аза күтүү күнү. Коронавирустан каза тапкандар эскерилет

Аталган журнал кыргыз медицинасындагы жаңылыктарды, ийгиликтерди, көйгөйлөрдү алып чыгып, дарыгерлердин талыкпаган эмгегин чагылдырууну да көздөйт. Андан сырткары, окурмандар үчүн ар кандай оорулар жөнүндө маалыматтар, дары чөптөр, пайдалуу кеңештерди жарыялап турмакчы.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 33 844кө жетти. Анын ичинен 22 296сы ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 329 кишинин өмүрүн алды.