Казакстандагы аза күтүү: Токаев пандемия курмандыктарын эскерди. Видео

Президент Касым-Жомарт Токаев жана башка аткаминерлер Акорда резиденциясынын алдында коронавирус пандемиясынан каза болгондорду эскерди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Казакстандын жалпы аймагы боюнча саат 12.00дө аза күтүү мүнөтү болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан кабарлады. 

Өзбекстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетти

Президент Касым-Жомарт Токаев жана башка аткаминерлер Акорда резиденциясынын алдында коронавирус пандемиясынан каза болгондорду эскерди. Ага мамлекеттик катчы Крымбек Кушербаев, президенттин администрациясынын жетекчиси Ерлан Кошанов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Асет Исекешев, президенттик канцеляриянын жетекчиси Нурлан Онжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой келди.

Анын видеосун Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы жарыялады.

Аза Казакстандын телеканалдарында түз эфирден көрсөтүлдү.

13-июль Казакстанда COVID-19дан көз жумгандарды жалпы элдик эскерүү күнү деп жарыяланган. Өлкөдө мамлекеттик желектер түшүрүлүп, оюн-зоок иш-чаралары токтотулуп, телеканалдар менен радио берүүлөрдүн программасы өзгөртүлгөн.

Токаев бул мүнөттө ар бир казакстандык кайда болбосун көз жумгандарды эскерет деп ишенерин айткан. 

Казакстандагы аза күтүү: Токаев пандемия курмандыктарын эскерди. Видео

Биринчи президент — эл башы Нурсултан Назарбаев коронавирустан көз жумгандардын туугандарына, жакындарына көңүл айтты. Ар бир кеткен адамдын артында аталар менен энелердин, уул-кыздарынын, досторунун трагедиясы турарын белгилеген.

Казак өкмөтү COVID, пневмониядан айыктырчу дарыларды учак менен алдырды

Пандемия башталгандан тарта Казакстанда COVID-19га кабылган 60 миң учур катталып, алардын жарымына жакыны, тагыраагы, 34 миң адам айыгып кетти. 375 адам көз жумду. Муну менен катар пневмония да күчөп жатат. 2020-жылдын июнь айында андан 628 киши каза болгон.