БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев той өткөрүүгө уруксат берүүнү сурап каттар келип жаткандыгын, бирок азыр тойлоп жүрө турчу учур эместигин айткан. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
"Азыр "тойлор тойго улансын" деп тойлоп жүрө турган учур эмес. Бүгүнкүдөй технология заманында бири-бирин ашыра мактап, аш ичип, аяк бошоткон адаттан арылуу керек", — деген Токаев.
Ал учурда мамлекет түзүлгөн кыйын кырдаалдан чыгып кетиши керектигин, баш көтөрбөй иштөө зарылдыгы тургандыгын айткан.
"Той эмес, ойдун артынан түшкөн кезең менен бетме-бет келдик. Бул доор акыл-ойдун, илим менен билимдин, эмгектин мезгили", — деп кошумчалаган президент.
Казакстанда 19 285 адам коронавирус жуктуруп алды. Аны менен катар эле ооруну белгиси жок алып жүргөн 12 677 киши катталган.