Ала-Бел ашуусунда кырсыктап, тамтыгы чыгып калган автоунаанын видеосу

Милициядан каза болгондор жок экенин жана жабыркагандар такталып жатканын айтышты. Ал жерге Токтогул РИИБдин ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ала-Бел ашуусунда жол кырсыгы катталды.  Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

Кырсыктан тамтыгы чыгып калган автоунаанын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Видеодо кырсыктаган Honda Stepwgn жеңил машинасынын талкаланып, тоолуу жолдон бир топ алыс турганын көрүүгө болот. Окуянын күбөсү окуя Ала-Бел ашуусунда болгонун айтып, айдоочуларды этият болууга чакырган.

Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы ал кырсык Бишкек — Ош жолунун 219-чакырымда болгонун кабарлады.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондор жок, жабыркагандар такталууда. Ал жерге Токтогул РИИБдин ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Чогулган материалдар тиешелүү кызматка өткөрүлүп берилет", — деп билдиришти милициядан.

Айдоочу жол кырсыгына кабылганда кандай иш-аракеттерди көрүүсү керек? Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар