БИШКЕК, 19-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу өнөр жайларды түзүшү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин айтканын Кремлдин сайтына жайгаштырылды.
РФ лидери бүгүн видеоконференция форматында өтүп жаткан Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү.
"Бирикменин алкагындагы ар тараптуу кызматташууну тереңдетүү максатында евразиялык экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Стратегиянын долбоору даярдалган", — деди президент.
Анын айтымында, стратегияда товарлардын, кызмат көрсөтүүнүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн жалпы рыногун түзүү, бажы жана административдик жөнгө салууну жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча комплекстүү иш-чаралар камтылган.
"Стратегиянын негизинде импорттун ордун алмаштыруучу процесстерди активдештирүү бар. Биздин мамлекеттерде азык-түлүк коопсуздугун, зарыл товарлардын чыгарылышын камсыздоочу өнөр жайлар түзүлүшү керек", — деди Путин.
Быйыл ЕАЭБде Белоруссия төрагалык кылууда. Жыйынга Кыргызстандын атынан президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат.