ӨКМ башчысы чек ара тилкесин суу жеп кетип жатат деген аймакка барды. Сүрөт

Буга чейин активисттер суу жеп киргендиктен Казакстандын чек арасы кыргыз тарапка жылып жатканын жана буга өкмөт көңүл бурушу керектигин айтып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жумушчу сапары менен Чүй облусуна барып, Чу дарыясынын кооптуу делген жерлерин көрдү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

"Министр жергиликтүү тургундар жана активисттер менен жолугуп, Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери тууралуу түшүндүрмө берди. ӨКМ жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте суу жеп жаткан жерлерди тосуу боюнча долбоордун сметасы даярдалган", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин активисттер айрым участкаларда дарыянын агымы өзгөрүп, суу жеп киргендиктен Казакстандын чек арасы кыргыз тарапка жылып жатканын айтып чыгышкан.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасынын айрым жерлери Чу дарыясы менен аныкталган.