Бишкекте иш баштабай жатып санитардык эрежени бузган ишканалар жазаланды

Жалпысынан 470 ишкана текшерилип, бир нечесине протокол түзүлүп, эреже бузууларды тезинен жоюу боюнча эскертүүлөр берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.

Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.

Биринчи май районунда 235 чарба жүргүзүүчү субъектилер текшерилген. Анын 59уна тиешелүү буйрук берилип, 15 миң сомго 11 протокол түзүлгөн;

Мэрия: түндө Бишкекте катуу ылдамдыкта автоунаа айдагандар көп болду
Ленин районунда болжол менен 60ка жакын уюмга баш багышып, 41ине керектүү буйрук чыгарылган. 15 миң сомго 11 протокол түзүлдү;

Свердлов районунда 116 объект текшерилип, 45 санитардык буйрук чыгарылып, 9 миң сомго 5 протокол түзүлгөн;

Октябрь районунда 58 уюм текшерүүдөн өтүп, азырынча эч кандай протокол түзүлүп, сын-пикирлер айтылган эмес.

Жалпысынан 470 ишкана текшерилип, 39 миң сомго 27 протокол түзүлдү. Эреже бузууларды тезинен жоюу боюнча 145 буйрук чыгарылган.

Мэрия талапты аткарбагандарга карата Эреже бузуулар кодексинин 150-беренесине ылайык ("Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу") протокол түзүлө турганын эскертти.