Кыргызстанда жазгы мөөнөттөгү аскерге чакыруу жанданды

Айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аскерге чакырууну токтотуп туруу чечими кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май – Sputnik. Жазгы мөөнөттөгү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу кайрадан башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкектин тегерегиндеги 16 жерге карантиндик пост коюлду
Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик кызматтын өкүлдөрүн запаска бошотуу дагы кайрадан жолго коюлду.

Эске салсак, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аскерге чакырууну токтотуп туруу жана кызмат мөөнөтү бүткөндөрдү үйүнө жибербей туруу чечими кабыл алынган.

Аталган режим бүгүн, 11-май күнү, аягына чыкты.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.