Жекшембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. 10-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк өрөөндөрүндө жана Талас менен Баткен жергесинин кээ бир аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Таласта +19…+24, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +22…+27, Ысык-Көлдө +16…+21 жана Нарын жергесинде +15…+20 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы борбор калаада +23…+25, Ошто +22…+27 градуска чейин жетет.