БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коронавируска кабылган 85 жаштагы кемпир айыгып чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, оору симптому жок өткөн. Бейтап жөтөлүп же дене табы көтөрүлгөн эмес. Болгону өзүнө жана жакындарына коркунуч жаратканы үчүн стресс болуп, бир аз алсырап кыйналганы баяндалат.
"85 жаштагы кемпир март айынын орто ченинде Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгендердин катарында болгон. Ал 13-мартта Бишкекке келери менен учактын башка жүргүнчүлөрү сыяктуу эле ПЦР-анализ тапшырган. Андан коронавирус аныкталгандан кийин райондук ооруканага жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кемпирди умрага коштоп барган келининин анализи таза чыкканы белгиленет. Бирок ага карабай үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары райондун Ак-Коргон айылындагы лицейде уюштурулган обсервацияга жаткырылган. Учурда баарынын абалы жакшы, эч кимисинен COVID-19 аныкталбаганы айтылат. Азыркыга чейин карантиндик эрежелерди сактап жатышат.
Ала-Бука району боюнча 14 адамдан вирус табылган, бүгүнкү күндө анын тогузу сакайып чыкты. Калгандарынын дагы абалы туруктуу, алар оорунун жеңил түрү менен жабыркаганы маалымдалды.
Коронавирустун кесепети
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.