Учурда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 682 болсо, алардын сегизи көз жумду. Илдетке чалдыккандардын арасында буга чейин кичинекей балдар да табылган учурлар болду.
Өлкөдөгү кооптуу жагдайдан улам Кыргызстандагы төрт шаар менен төрт районго өзгөчө абал киргизилип, ал жактагы кыймыл тыкыр көзөмөлгө алынды. Ооругандар дарыланып, кээ бирлери реанимацияда жатат.
Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.