Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт

Буга чейин эки өлкөнүн мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, Жээнбеков кесиптешине Кыргызстанга тажрыйбалуу медиктерди жөнөтүү сунушун берген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. – Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт

Маалыматка караганда, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Алып коебуз! Бишкек коменданты велосипед тээп жүргөндөргө эскертүү берди
“Медиктер тобу жергиликтүү адистерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт”, - дешти өкмөттөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө макулдашылган.

Польша менен Кытайдан келген дарыгерлер кандай шартта иштей турганын материалдан окуңуздар.