Жалал-Абад шаарын абадан дезинфекциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.
Бүгүндөн тарта мотодельтаплан жана агродрондор аркылуу асмандан залалсыздандыруу аракеттери жүрүп жатат. Иштер Бай-Дыйкан айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан жасалууда.
Биринчи иретте коронавируска шектелип обсервацияга алынгандар жайгашкан имараттар, алардын турак жайлары дезинфекцияланууда.
Жээнбеков муну менен кошо облустук клиникалык оорукананын имараттары жана борбордук базардын айланасы тазаланып жатканын кошумчалады.
Бул демилге өлкөдө түзүлгөн пандемиялык кырдаалга байланыштуу жергиликтүү айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан жасалууда. Ага керектелүүчү атайын техника жана сарпталуучу акча каражаттары менен аталган борбор өзү каржылап жатканын билдиришти.
"Мындай ыкманын артыкчылыгы илдет менен күрөшүүдө жарандардын аралыктан коргонуу мүмкүнчүлүгүн жаратат. Бул иш-аракеттер алдыдагы күндөрү башка аймактарда да улантылат", – деди ал.
Өлкөдө COVID-19 вирусу менен катталгандардын саны 144 адамга жетти. Алардын ичинен тогуз дарыгердин ооруну жуктуруп алганы маалым болду. Андан сырткары, Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 49 кызматкери обсервацияга алынды.
Бүгүн өлкө ичинде жана дүйнөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.