Жалал-Абад: Санэпидем көзөмөл департаментинин 49 кызматкери обсервацияда

Жазылуу
Карантиндеги кызматкерлердин ар бири өз бөлмөсүндө иштеп жатат. Боржиев эгер алар толугу менен обсервацияга кетип калса, иштегенге киши жок каларын айтты.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 49 кызматкери обсервацияга алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын жетекчисинин орун басары Урмат Боржиев түз эфир учурунда билдирди.

"Департаменттин бир адисинен коронавирус чыккан. Ал өлкөдөгү вирус табылган дарыгерлердин бири. Ал кесиптеши менен байланышта болгону үчүн жалпы кызматкерлерди үйлөрүнө жибербей, санаторий-курорттун жана департаменттин имаратында обсервацияда кармап жатабыз. Ар ким өз бөлмөсүндө иштеп жатат. Эгер алар толугу менен обсервацияга кетип калса, иштегенге киши жок калат", - деди Боржиев.

Облустук штаб жетекчинин орун басары мындай кадам - коопсуздук үчүн көрүлгөн чара экендигин айтты.

"Бул - коопсуздук чарасы. Алардын бардыгынан экспресс-тест, ал эми жакын байланышта болгон кызматкерлерден ПЦР анализи алынып, жыйынтыгы вирус жок деп берди. Эми 12-13-күндөрү кайталап анализ алынат", - деди Боржиев.

Работа Бишкекского научного центра травматологии и ортопедии - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада коронавирус жугушу мүмкүн деп 15 дарыгер обсервацияга жаткырылды
Эскерте кетсек, Кыргызстан аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен катталгандардын саны 144 адамга жетти. Алардын ичинен тогуз дарыгердин ооруну жуктуруп алганы маалым болду.

Ушу тапта өлкө ичинде жана дүйнөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0