Нарында вирустан коргонуучу атайын кийимдер тигилүүдө. Сүрөт

Аталган кийимдерди №87 Мырзабеков атындагы кесиптик лицейдин мугалимдери тигип жатат. Алар учурда күнү-түнү иштөөгө туура келип жатканын кошумчалашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу оорулардан коргонуучу атайын кийим-кечелер тигилип, Кочкор районундагы Сары-Чат өткөрүү постунда нөөмөткө туруп иштеп жаткан кызматкерлерге тапшырылды. Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган кийимдерди №87 Мырзабеков атындагы кесиптик лицейдин мугалимдери тигип жатат.

Аталган өкүлчүлүктүн, Нарын шаардык мэриясынын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин буюртмасы менен 19-марттан бери 600 бет кап жана 800 даана коргонуучу кийимдерди даярдашкан.

"Жалпысынан 1500 буюртма алганбыз, дагы 700дү даярдап берүүгө сунуш түштү. Бул иш ыкчамдыкты талап кылгандыктан өзүбүздө иштеген мугалимдерден сырткары үйүндө иштеген 6 тигүүчүгө сүйлөшүп, аларга да тиктирип жатабыз", - деген мугалимдердин бири.

Алар учурда күнү-түнү иштөөгө туура келип жатканын кошумчалашкан.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Бир жолу колдонгон бет капты кескилеп ыргыткыла! Дарыгердин сунушу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 23-марттагы маалыматка карата 16 кишиге (жети эркек, тогуз аял) жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.