00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жалал-Абаддан түндө кайткан 39 жумгалдык дааватчы медициналык кароодон өттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМекка ажылыктан келген кишилер. Архив
Мекка ажылыктан келген кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумгалдан дааватка чыккандар Сузакка барган эмес. Бирөө төрт айлык дааватка чыкса, калганы 40 күндүккө барып келген.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 19-мартка караган түнү Нарын облусунун Жумгал районуна Жалал-Абадга жасалган дааваттан кайтып келген 39 киши медициналык кароодон өтүп, бардыгы таза чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нарын ОИИБдин маалымат кызматынын башчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

Социалдык тармактарда Жалал-Абадга кеткен дааватчылар кайтып келишкени тууралуу маалымат тарап, эл арасында бир катар тынчсызданууну жараткан.

Эсенгулованын айтымында, дааватчылар карантинге алынган аймакта болушкан эмес.

"Булар Аалымдар кеңешинин токтому чыкканга чейин эле дааватка чыгып кетишкен экен. Алардын 38и 40 күндүк, ал эми бирөө төрт айлык дааватка кеткен. Так канчасында чыгып кеткени тактала элек. Алар коронавирус боюнча карантинге алынган аймакта болушкан эмес. 19-мартта эртең менен дааватчылар медициналык кароодон өтүп, бардыгы таза чыккан", — деди Эсенгулова.

Эске салсак, 13-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чукул жыйыны өтүп, анда коронавирустук инфекциянын пандемиялык деңгээлге чыккандыгына байланыштуу бир катар чечимдер кабыл алынган. Анын бири даават иштерине чектөө киргизүү болчу.

"Бизге мындай маалымдама келип түшкөн эмес. Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаал өтүп кетмейинче өлкө ичинде даават иштерине тыюу салынган. Бул Аалымдар кеңешинин токтомунда жана муфтийдин кайрылуусунда дагы айтылган. Учурда маалыматты тактап жатабыз", — деди муфтияттын маалымат кызматы.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланууда.

Мэриянын кызматкери дезинфекциялоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузакта көчөлөр өрт өчүрүүчү унаалар менен дезинфекцияланууда. Видео
Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган. Алардан башка 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0