Нарында умрага барган 2, алар менен байланышкан 4 киши карантинге алынды

Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору алты жаранды алгачкы текшерүүдө анализдери таза чыкканын, бирок ага карабастан кайрадан текшерүү үчүн Бишкек шаарындагы лабораторияга анализдери жөнөтүлгөнүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Нарын облусунда умрага барып келген эки жана алар менен байланышта болгон төрт жаран карантинге алынды. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов облус тургундарына кайрылуу жасап жатып билдирди.

"Учурда карантинге алынган Кочкор районунун бир, Ат-Башы районунан бир жана алар менен байланышта болгон Нарын шаарынан төрт адам болууда. Бул жарандар учурда обсервацияга алынды", - деди Алымкулов.

Эки жаран 12-13-мартта Түркиянын Стамбул шаары аркылуу умрадан кайтып келгени, үчөө алар менен бир учакта болгону, дагы бир аял аларды тосуп алганы айтылды.

Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Муратбек Аляскаров алты жаранды алгачкы текшерүүдө анализдери таза чыкканын, бирок ага карабастан кайрадан текшерүү үчүн Бишкек шаарындагы лабораторияга анализдери жөнөтүлгөнүн айтты.

Коронавирус жуктургандар менен көрүшкөн Чүйдүн беш тургуну табылды
Учурда облус аймагында коронавиристун алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча эки штаб түзүлгөн. Биринчи штаб жугушсуздандыруу, алдын алуу жумуштарын аткарып жатат. Экинчи штаб азык-түлүк бааларын көзөмөлгө алууда.

Дарыканаларда медициналык бет каптар жетишсиз болуп жаткандыктан Бишкек шаарынан 900 000 бет кап Нарын шаарындагы дарыканаларга алып келинип жатат. Андан тышкары, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, тигүү цехтери аркылуу  марлиден 150 миң бет кап даярдалып жатканы маалымдалды.

"Жугушсуздандыруу жумуштарында санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери жетишпей жаткандыктан атайын автоунаалары менен ветеринар адистер, химия мугалимдери жардамга тартылды", - деген Алымкулов.

Андан тышкары, Торугарт бажы көзөмөл-өткөрүү жайына 150 койка, изоляциялык төрт орун даярдалганын кошумчалады.

Кербен шаарында умрадан келген киши конок тоскон. Төртөө тест тапшырууда
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатышат. Абалдары туруктуу экени айтылды.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграмм-каналдан окуй аласыздар.