Ракка чалдыккан аялдар бет кап тигүүгө буйрутма алышты

Онкобейтаптар тиккен бет каптын бир даанасы 15 сомдон. Алты кат марлиден жасалууда. Аны жууп, тагына берсе болот. Түшкөн акчасын чогултуп химиотерапия, дары-дармегине керектешет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Рак илдети менен күрөшкөн кыз-келиндерден турган "Жашоо үчүн бирге" коомдук фонду бет кап тигип сатышууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине фонддун жетекчиси Шайырбү Сагынбаева билдирди.

Айтымында, алардын жасаган бет каптары алты кат. Жууп, кайра тагына берсе болот, баасы 15 сомдон.

"Эки кызыбыздын химиотерапия, операциясына 2000 доллар керек болуп жатат. Буга чейин экобаштыктарды тикчүбүз. Убактылуу аны токтотуп бет кап тигип жатабыз. Идеяны бизге Асыл Мамбеталиева айтып калды. Азыр кризис болуп баштыктарыбыз деле өтчүдөй эмес. Идея аябай жакты, анан ушуга өттүк. Мындан тышкары, эми дарыкана, кофе ичкен жерлерге тарата баштайбыз. Каалоочулар ошол жактан ала алат же мага түз чыкса болот", — деди Сагынбаева.

Ал бет кап тигүүгө Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинен уруксат алышканын жана чыгарган товарлары стандартка туура келерин билдирди.

Бет кап алууну каалагандар 0 700 655 516 номерине байланышка чыкса болот.

Эске салсак, "Жашоо үчүн бирге" коомдук фондунда жалаң рак илдети менен күрөшүп жаткан кыз-келиндер иштейт. Алар көбүнчө экобаштык, капчык тигип сатышат. Түшкөн акчасын чогултуп химиотерапия, дары-дармегине керектешет. Былтыр ушул эле аялдардан түзүлгөн топ ШКУнун Бишкек шаарындагы өтчү саммитке эстелик баштыктарды жасап беришкен.

Бейтаптардын айтымында, Кыргызстанда рак менен күрөшүү кымбат.