Бишкектеги мечиттер дезинфекциялана баштады. Сүрөт

Бишкек шаарында жалпы 68 мечиттин бардыгы кезек-кезеги менен күнүнө эки жолу дезинфекциялана тургандыгы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун таралышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын борбордук жана башка мечиттеринде дезинфекциялоо иштери башталды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алгачкылардан болуп баш калаадагы борбордук мечитке сууга кошулмасы бар дары-дармек чачылган.

"Бишкек шаарында жалпы 68 мечит болсо алардын баары кезек-кезеги менен күнүнө эки жолу дезинфекцияланат", — деп жазылган маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин КМДБ тарабынан өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Бүгүндөн тарта республикадагы бардык мечиттерде, диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштери башталды.

Кыргызстанга 15 өлкөдөн келгендер үй карантинине алынат
Коронавирус декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Ал арада дүйнөнү кооптондуруп жаткан бул вирус менен күрөшүү жолдору каралууда. Британиялык окумуштуулар вакцина иштеп чыгуу үчүн акча алып коронавирус жуктурууга даяр ыктыярчыларды издөөдө.