Укмуштуудай масштаб! Эриш-аркак жылынын ачылыш аземинен 15 сүрөт

Sputnik

Эки өлкөнүн лидерлери россиялыктар менен кыргызстандыктардын алдында сөз сүйлөп, сахнадан кучакташты.

Гала-концертке Кыргызстан менен Россиянын артисттери катышты. Алардын талантына алты миңге чукул көрүүчү күбө болду.

Эки өлкөнүн эриш-аркак жылына карата саясат, экономика, маданият жана аскерий жаатта 200дөн ашык иш-чара пландалган.

1 / 15
Кремль сарайында президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына старт берди
2 / 15
Аземдин ачылышына эки өлкөнүн алты миңге жакын жараны катышты
3 / 15
Владимир Путин эл алдына чыгып сөз сүйлөдү
4 / 15
Сооронбай Жээнбеков дагы аземге келген эл менен учурашып кайрылды
5 / 15
Эки өлкө үчүн тарыхый окуя катары эсептелген жылдын башталышын жар салган президенттер сахнадан кучакташты
6 / 15
Кремль сарайындагы гала-концертке Кыргызстандан жүздөгөн чыгармачылык топ барган
7 / 15
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин масштабдуу шоуга баа беришти
8 / 15
Майрамдык концерттин катышуучулары чеберчилиги менен элдин жүрөгүн балкытты
9 / 15
Аземге ошондой эле эки өлкөнүн жогорку даражадагы аткаминерлери менен дипломаттары көз салышты
10 / 15
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен балалайка черткен Александр Николайчук чеберчилик жаатында ат салышты. Алар эки өлкөнүн элдик музыкасын аткарышты
11 / 15
Көрүүчүлөр артисттердин актёрдук чеберчилигине суктанып отурушту
12 / 15
Кремль сарайында "Манас" эпосу дагы жаңырды
13 / 15
Бул кечеде опера жылдыздары дагы өнөрүн тартуулашты
14 / 15
Комузчулар ансамбли элдик чыгармаларды аткарып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты
15 / 15
Укмуштуудай шоу тарыхый окуянын жогорку статусун көрсөттү. Эриш-аркак жылдын алкагында 200дөн ашык иш-чара пландалган.