Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Кыргызстандын жарандары Баткен облусундагы Чекелик айылынан Өзбекстандын аймагына билбестиктен улам өтүп кетишкенин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 кыргызстандык кармалып, мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Жарандар 19-февралда Баткен облусундагы Чекелик айылынан Өзбекстанга мыйзамсыз негизде кирип кеткени үчүн кармалган.

Чек арачылардын сүйлөшүүсүнөн кийин алар Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.