Минск макулдашуусунун "жарым юбилейин" тараптардын баары салтка айланган тартипте өткөрдү. Украинанын адаттагыдай эле дымагы күч. Батыш өзү койгон капкандан чыга албай алек. Ал эми Россия сыр алдырбаса, "биз айтпадык беле" деген сеси менен турду.
Жакшылап карай келсе Москванын акыркы кадамдарынан позициясын катаалдатып, жетишилген макулдашуулар Киевдин күнөөсү менен ишке ашпай калганын көзгө сайып турганын көрүүгө болот. Россиянын өтүнүчү менен кечээ ушул көйгөйгө арналган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бирок абал канчалык опурталдуу экенин президент Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Владимир Зеленскийге Украина жоопкерчилигин алган макулдашууну аткарабы деген түз суроосу айкын көрсөтүп турат.
Андан да Украинанын бул сунуштарынын баары апрелде өтчү "норманд төрттүгүнүн" жолугушуусу алдында демилгеленүүдө. Кремль саммит Парижде кабыл алынган макулдашуулар жүзөгө ашкандан кийин гана өтүп, анын пайда-батасы болорун дагы бир жолу эскертти. Бирок азырынча айтылгандын баары Украинанын кулагынын сыртынан кетип жаткандай.
Ушу тапта Украина дүйнөлүк аренада өзү үчүн абдан ыңгайлуу — суу куйду алаңгазардын позициясын ээлеп алды. Чоң саясатка кандайдыр бир тиешеси бар болуп, аты аталып жүргөнүнө курсант. Өкүлдөрүнө жасалган кайдыгер мамиле эч кимди деле ойго салбайт өңдүү. Алсак, мурунку президенти Петр Порошенкону Мюнхен конференциясынын уюштуруучулары учурдагы ажосу сүйлөп жаткан маалда залга киргизбей коюшкан.
Ошол эле учурда Киев колго тийген мүмкүнчүлүктү өз пайдасы үчүн колдонуп калууга жан үрөөдө. Бийлик аткаргысы келбеген Минск макулдашуусу турат. Натыйжада беш жылдан бери документтин буга чейин макулдашылган пункттарын өзгөртүү же кошумча киргизүү үчүн бир топ демилге айтып келет.
Украина тигил же бул кадамын жасаарда эч нерсени жерибейт, ыкманы тандабайт. Мындан улам кээде иш ушунча да пас деңгээлде жүрөбү деп таң калып кетесиң.
Батыш болсо түзүлгөн кырдаалда эмне кыларын билбей башы маң болуп турат. Мюнхен конференциясында окулган "Донбасстагы тынчтыкка карай 12 кадам" докладынын айланасындагы жаңжал буга күбө.
Документтин алдында 50гө чукул эксперт кол койгон. Арасында жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер, дипломаттар, аскерий адамдар, керек болсо конференциянын төрагасы Вольфганг Ишингер да бар.
Натыйжада документти алгач конференциянын сайтынан алып салып, бир нече күндөн кийин кайра илишкен. Мюнхен конференциясы сыяктуу абройлуу уюмдун эмне кыларын билбей калган мындай олку-солкулугу Батыш өз колу жасап берген Украина көйгөйүнүн тереңдигинен кабар берет.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда дагы бир аздан кийин Россиянын да, Европанын да, АКШнын да Украинага карата чыдамы түгөнүп, кескин чараларды көрө баштайт деген пикирлер байма-бай айтылып келет.
Бул божомолдорго ишенүү кыйын, анткени мында Украинаны баланска алуу керек. Каалоочулар жок. Батыш бул оор жүктү Россияга оодара салууга бир нече жыл бою аракет кылып, майнап чыкпасына көзү жакында эле жетти. Украинаны Батыш өз камкордугуна алат деген баланын сөзү экенин баары түшүнүп турат.
Дал мына ушул туңгуюктан чыгуу мүмкүн болбогондуктан жагдайды ыңгайлаштырып алуу маанилүү болуп турат. Мындай жагдай ызы-чууну жакшы көргөн, андан бонуска ээ болгон Украина үчүн оңтойлуу. Ал эми айлана-чөйрөдөгүлөргө ашыкча баш оору.
Бул маселеде Батыштын көз карашы Россияныкына төп келип турат.